Кыргызстан командасынын "Танк биатлонунун" 2-этабындагы жарышы. Видео

Кыргызстандык танкачылар Москвада "Танк биатлону — 2022" оюндарынын экинчи этабында жарышып жатат. Улуттук команда жашыл түстөгү танк менен жүрөт.
Sputnik
Ата мекендик танкачылар өз тобунда Россия, Кытай, Беларусь командалары менен ат салышууда. Биринчи дивизиондо жалпы 10 команда бар.
Биринчи этап 14-августта өткөн, үчүнчү этап 21-август күндөрү болот. Үч оюндун жыйынтыгында көп упай алган сегиз команда жарым финалга чыгат.
"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы "Танк биатлону — 2022" сынагы 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат. Жарыш талаасында туура багыт алуу, танканы башкаруу, таамай атуу жана ок атууну башкаруу боюнча жөндөмдөрү бааланат.