Бишкекте Кыргызстан менен КМШнын айтылуу футбол ардагерлери беттешет

Иш-чара өлкө эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. 30-август күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен КМШнын футбол ардагерлери жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү футболчулар Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе бар. Алардын машыктыруучусу атактуу спортчу Олег Романцев.
Кыргызстандын курамасында ата мекендик футболдун белгилүү ардагерлери Кирилл Прядкин, Закир Жалилов, Камол Тайчиев, Владимир Сало, Нематжан Закиров, Меклис Кошалиев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Владислав Пряничников бар. Ал эми Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу — Борис Подкорытов.
Оюн алдында атактуу "Город 312" тобу жана ата мекендик эстрада жылдыздары өз өнөрүн тартуулайт.
Башталышы 19:00дө, кирүү акысыз.
Ошто спорт шаарчасы пайда болуп, футбол академиясы ачылат. Сүрөт