Кыргызстан кикбоксчулары Ислам тилектештик оюндарында эки медаль утуп алышты

Кыргызстандын курама командасынын куржуну бүгүн кикбоксчулар тарабынан эки медаль менен толукталды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кикбоксчу Адилет Улан уулу Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күмүш медаль тагынды.
Кикбоксчу Адилет Улан уулу Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күмүш медаль тагынды
Спортчу 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Чейрек финалда азербайжандык, жарым финалда иорданиялык атаандашын жеңип алды. Алтын үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу түркиялык кикбоксчу менен беттешип, жеңилип калды.
1 / 2

Дагы бир ата мекендик спортчу Аброр Хакимов 71 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалдын ээси болду

2 / 2

1/8 финалда казакстандык атаандашын жеңип, чейрек финалда түркмөнстандык кикбоксчуну жеңип, жарым финалда Түркиядан келген атаандашынан жеңилип калган

Дагы бир ата мекендик спортчу Аброр Хакимов 71 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалдын ээси болду. 1/8 финалда казакстандык атаандашын, чейрек финалда түркмөнстандык кикбоксчуну жеңип, жарым финалда Түркиядан келген атаандашынан утулуп калган.
Ислам тилектештик оюндары Конья шаарында өтүп жатат. Ага 54 өлкөдөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан спорттун 16 түрү боюнча мелдештер өтүүдө. Бүгүнкү күндө республика командалык эсепте тогузунчу орунду ээлеп турат.
Ислам оюндары: Петрашов алтын, Нармухамедова күмүш медаль алды