БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Европалыктар Украинадагы чырдын узакка созулушунан улам Киевге караганда өз бакубатчылыгына көбүрөөк тынчсызданууда деп жазды Bloomberg.
Басылма суук жакындаган сайын Батыштын Украинаны колдоо боюнча биримдиги бара-бара солгундай берерин белгилеген.
"Абал жакшырган жок, алдыда катаал кыш келе жатат. Мисалы, Улуу Британия азыртадан эле электр энергиясы байма-бай өчүрүлөрүнө даярданып жатат", — деп жазылат материалда.
Bloomberg батыш саясатчылары элин каатчылыкка даярдашы керектигин айтып макаланы жыйынтыктаган.
Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Москвага карата санкциялык басымын күчөткөн. Чектөө чаралары адегенде эле банк сектору менен жогорку технологиялык продукцияга киргизилген. Көптөгөн бренддер Россиядан чыгып кетишти. Анткен менен катаал чаралар Батыштын өзүнө да сокку уруп, отун менен азык-түлүккө баа болуп көрбөгөндөй асмандады.
Бирок буга карабастан Европа мамлекеттери Украинаны курал-жарак менен камсыздап, абалды оорлоштуруп жатат. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын мындай стратегиясы Россия менен Украинанын эпке келүүсүн кечеңдетип, кырдаалга терс таасир тийгизип жатканын айткан.