Ала-Арчада чокудан кулап көз жумган киши РФ жараны экени аныкталды

Куткаруучулар көз жумган адамдын сөөгүн тоодон алып түшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ала-Арчада чокудан кулап каза болгон адам Россиянын 36 жаштагы жараны экени аныкталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин чокудан кулаган кишинин сөөгү изделип жатканы айтылган.
Билдирмеге караганда, Россиянын эки жараны Ала-Арча капчыгайынын үстү жагындагы "Учитель" чокусуна чыккан. 14-августта кайра ылдый түшүп келе жатканда 36 жаштагы Е.А. аттуу эркек киши кулап түшүп, көз жумган. Ал эми экинчиси 31 жаштагы Н.К. жабыркаган эмес.
Кырсык болгон жерге "Эдельвейс" куткаруучулар тобунан алты киши барып, көз жумган адамдын сөөгүн тоодон алып түшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылды.
Кан-Теңир чокусунда россиялык альпинист кыз каза болду