Айдоочуларга эскертүү! Бишкектин үч көчөсү бир тараптуу болду. Тизме

Кайгуул милициясы 1-2 күн айдоочуларга эскертүү берет. Андан соң айып пул сала баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы үч көчө бир тараптуу болду.
Буга чейин мэрия көчөлөрдүн айрым тилкелерин бир тараптуу кылуу чечимин кабыл алган.
Кайгуул милициясы аталган көчөлөргө жол белгилерин орнотту. Маалым болгондой, алар 1-2 күн айдоочуларга эскертүү берет. Андан соң айып пул сала баштайт.
Бир тараптуу болгон көчөлөр:
Шопоков көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Панфилов көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Логвиненко көчөсү — Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).
Бишкектин борборундагы көчөнүн бир бөлүгү 1-октябрга чейин жабылат