Бишкек мэриясы Аламүдүн РИИБинин жетекчилигин айыпка жыкты. Себеби

Инспекцияга Аламүдүн РИИБинин жанында жашагандардан арыз түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Аламүдүн РИИБинин жетекчилигине айып салды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 2

Аталган райондук милициянын үстүнөн алардын жанында жашаган тургундардан инспекциянын дарегине даттануу келип түшкөн

2 / 2

Кайрылууда тартип сактоочулардын айланадагы таштандыларды такай өрттөшөрү белгиленген

Аталган райондук милициянын үстүнөн алардын жанында жашаган тургундардан инспекциянын дарегине даттануу келип түшкөн. Кайрылууда тартип сактоочулардын айланадагы таштандыларды такай өрттөшөрү белгиленген. Анын жыйынтыгында инспекция "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде аларга 23 миң сом айып салган.
"Тартип сакчылары мыйзам бузууну мойнуна алган жок, ишти административдик комиссия карайт", — деп билдирди мэриядан.
Муниципалитет Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып пул саларын эскерткен.
Октябрь районунда үйүлгөн таштанды. Мэрия себебин түшүндүрдү