Бишкекте өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча президенттин кубогу өтөт

Федерация мелдеш мамлекет башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекте өспүрүмдөр арасында шайба менен хоккей ойноо боюнча президентинин кубогу өтөт. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы кабарлады.
Эл аралык турнир 25-августтан 5-сентябрга чейин болот.
Мелдеш президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен болору айтылган.
"Кыргызстанда хоккей эми өнүгүп келе жатканына карабастан, ири турнирди өткөрүүгө белсенип турабыз. Президенттин кубогу жаш спортчуларга шык берип, жыл сайын өтө турчу иш-чарага айланат деп ишенебиз. Бул кадам өлкөдө хоккейдин өнүгүшүнө гана салым кошпостон, бир катар мамлекеттер менен достук мамилени чыңдоого көмөктөшөт", — деп жазылган маалыматта.
Учурда турнирге АКШ, Латвия, Эстония, Түркия, Румыния, Өзбекстан, Казакстан катышууга макулдугун берген.
Ислам оюндары: Расулбеков менен Алмазбек кызы оор атлетикадан коло утту