Алжирдеги "Десанттык взвод" мелдешине Кыргызстандын аскерлери катышууда. Сүрөт

Мелдеш төрт этаптан өтүп, Кыргызстан 1-дивизиондо беттешет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "АРМИ-2022" оюндарынын алкагында Алжирде "Десанттык взвод" мелдеши өтүп, ага Кыргызстандын курама командасы да катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"АРМИЯ-2022" в Алжире
Билдирмеге караганда, мелдеш төрт этаптан турат, Кыргызстан 1-дивизиондо беттешет.
"Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязань гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында билим алган кыргыз курсанттары бар", — деп айтылат маалыматта.
Мелдешке жалпысынан 18 республика катышмакчы. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Буркина-Фасо, Россия, Вьетнам, Индия, Конго, Мали, Никарагуа, Судан, Тажикстан, Сирия жана Араб республикалары менен күч сынашары маалым болду.
14-августта башталган мелдеш 26-августка чейин уланат.
Кыргызстан командасынын "Танк биатлонунун" 2-этабындагы жарышы. Видео