Айдоочунун 30 миң сомун "милицияда иштейм" деп алдап алган аял кармалды

11-августта ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылган киши тартип коргоо органында иштейм деген кызга чара көрүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Милиция кызматкеримин деп калп айткан аял айып короо боюнча маселени чечем деп айдоочудан акча алган. Ал шектүү кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Милиция кызматкеримин деп калп айткан аял айып короо боюнча маселени чечем деп айдоочудан акча алган

2 / 2

Ал шектүү кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты

11-августта Сокулук районунда жашаган З. К. аттуу жаран ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылып, тартип коргоо органында иштейм деген аялга чара көрүүнү суранган. Арыз жазган адам 4-апрелде ичип алып автоунаа айдап бара жаткан жеринен токтотушканын, автокөлүгүн айып короого киргизишкенин айтып берген.
"Ички иштер органында иштейм деп өзүн тааныштырган Назира аттуу аял акча берсем маселени чечерин айтты. Бирок 30 миң сомду алган бойдон кетип, убадасын аткарган жок", — дегенин ИИМ билдирди.
Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде иш козголгон.
"16-августта Бишкектеги Тыналиев — Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 16 миң сомду кайтарып берип жаткан жеринен Назира аттуу аял кармалып, далил буюмдар жана акча алынды. Анын ички иштер органында иштебегени аныкталган. Кармалган аял ушул сыяктуу бир катар алдамчылыкка шектелип жатат. Учурда камакта", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Улуттук банк соцтармактагы шылуундардан сак болууга чакырды