Ай толгондо, түн болгондо... Дүйнөнүн ар бурчундагы толгон айдын сүрөттөрү

Айдын толуп турган учуру Жерден караганда өзүнчө бир кооздук, өзгөчө көрүнүш. Sputnik Жердин жандоочусунун чар тараптан тартылган сүрөттөрүн окурмандарга сунуштайт.
Sputnik
Айдын орбитасынын Жерге жакын аралыгы биздин планетага өтө жакындап келгенде 357 миң чакырымды түзөт. Быйыл перигей Айдын толушу менен дал келди. Мындай учурда планета жандоочусу адатта абдан жарык (30 пайызга) болот да, кызгылтым түскө келет. Ал эми көлөмү 14 пайызга чоңоёт. Июлдагы айдын мындай болуп толушу быйылкы жылдагы соңку көрүнүш болмокчу.
1 / 10

Лондондун жашоочулары күбө болгон кооздук

2 / 10

Монтевидео (Уругвай) жашоочулары айдын чыкканын карап отурушат

3 / 10

Мындай көрүнүшкө ар бир эле адам күбө боло бербейт. Франкфурттун (Германия) чет жакасындагы үйлөрдүн ортосундагы Ай

4 / 10

Белграддын символу болгон "Победитель" монументи жана толгон Ай

5 / 10

Стамбулдагы өзгөчө бир кооздук

6 / 10

Антуполистеги (Кипр) чиркөөнүн куполуна "туруп" калган Ай

7 / 10

Лиссабондогу (Португалия) бул көрүнүш дайыма эле кайталана бербейт

8 / 10

Бруклиндин (Нью-Йорк, АКШ) үстүнөн тартылган сүрөт

9 / 10

Вашингтондогу желектер жана Ай

10 / 10

Мындай жерде Айга суктана карап отурган да өзүнчө керемет. Остзаан (Нидерланддар) аймагы.

Тема боюнча:
Жеңүүчү 120 миң доллар алды. HIPA сынагындагы көз жоосун алган сүрөттөр
Индиянын сулуулары. Нью-Делиде өткөн мода жумалыгынан 12 сүрөт
Кар ажыдаарынын бийи жана чиркөө. Стенин атындагы фото сынактан 15 мыкты эмгек