Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Украинага каршы өзөктүк курал колдонуу зарылчылыгы жок

Министрдин айтымында, россиялык өзөктүк куралдардын башкы мидети — өзөктүк чабуулдардын мизин кайтаруу.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Украинада тактикалык өзөктүк куралдарды колдонуу тууралуу Россиянын планы бар деген маалымат жалган. Бул туурасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Москвадагы коопсуздук боюнча эл аралык "Армия-2022" формунун ачылышында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында атайын операциянын алкагында Россияда тактикалык өзөктүк же химиялык куралдарды колдонууга даярдык жүрүп жатат деген ойдон чыгарылган сөздөр таратылууда. Мындай маалыматтардын баары карандай калп", — деди Шойгу.
Коргонуу министри, мындан сырткары, аскердик көз караш менен караганда Украинага андай куралдар менен сокку урууга зарылчылык жоктугун белгиледи.
"Россиялык өзөктүк куралдардын башкы мидети — өзөктүк чабуулдардын мизин кайтарып туруу", — деди Шойгу.
Ошондой эле ал өзөктүк куралдарды колдонуу өзгөчө жагдайлар менен чектелерин, ал боюнча документтер ачык маалымат айдыңына жарыяланганын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: АКШ Украинадагы жаңжалды создуктурууга аракет кылууда