Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу Гутерриш менен Запорожье АЭСинин коопсуз иштөө шарттарын талкуулады

Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү атомдук электр станциясын аткылоону күчөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш телефон аркылуу сүйлөшүп, Запорожье АЭСинин коопсуз иштөө шарттарын талкуулашты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"15-августта РФ коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу Запорожье АЭСинин коопсуз иштөө шарттарын талкулоо үчүн БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген. Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылууну күчөттү. Запорожье администрациянын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы "Каховка" подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубаттуулугу азайтылган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин аскерлеринин аткылоосунан Запорожье АЭСинин жанында жарылуу болду