Ош мэриясы жол оңдоочу атайын техникаларды сатып алды. Сүрөт

Жаңы техника жол жумуштарын өз алдынча ишке ашырууга шарт түзөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ош шаардык жол башкармалыгына жаңы атайын техникалар алынды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
1 / 3

Ош шаардык жол башкармалыгына жаңы атайын техникалар алынды

2 / 3

Маалыматка ылайык, салмагы 10 тонналык виброкаток, жол фрезердик станок (жолдорду оңдоодо топуракты же жолдун үстүңкү катмарын, анын ичинде асфальт-бетонду алып салуу, жумшартуу жана майдалоо үчүн колдонулуучу машина), жол чийиндерин чийүүчү станок жана Hyundai Porter автоунаасы алынган

3 / 3

Баары жаңы, 2022-жылы заводдон чыгарылган

Маалыматка ылайык, салмагы 10 тонналык виброкаток, жол фрезердик станок (жолдорду оңдоодо топуракты же жолдун үстүңкү катмарын, анын ичинде асфальт-бетонду алып салуу, жумшартуу жана майдалоо үчүн колдонулуучу машина), жол чийиндерин чийүүчү станок жана Hyundai Porter автоунаасы алынган. Баары жаңы, 2022-жылы заводдон чыгарылган.
Техниканы тапшыруу аземинде Ош мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов мындан ары ишкананын мүмкүнчүлүктөрү бир топ жогорулап, жол жумуштарын өз алдынча ишке ашырууга шарт түзөрүн белгиледи.
Тик учак, автобус. Садыр Жапаров ӨКМге жаңы техникаларды тапшырды