Пресс-борбор

"Ош" базарында эшикте сатылган дарылар. Көйгөйдү чечүү жолдору

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Касымбеков "Ош" базарынын аймагында, дарыны эшикте сатуу маселесин бир ыкма менен чечүүгө болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Дарыларды мыйзамсыз сатуу көйгөйүн маркалоо жана электрондук көзөмөлгө алуу жолу менен чечсе болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда "Саламаттык сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиевдин кайсы чечимдерин кайра карап чыгат?" аталышындагы брифингге катышкан.
Журналист андан "Ош" базарында, сыртта дарылардын мыйзамсыз сатылып жаткандыгын кантип токтотууга болот деген суроо узаткан.
"Ар бир сатуучуга текшерген кишини коюп койгондо да бул маселе маркалоо, электрондук көзөмөлсүз чечилбейт. Бул боюнча иштеп жатабыз. Медициналык буюмдар жана дары-дармектер боюнча департамент Кыргызстандын рыногуна кирген ар бир таблетка, инплант, протезди көзөмөлгө алган программаны иштеп чыгууда", — деп түшүндүрдү Касымбеков.
Ал аталган системанын кандай иштей тургандыгын түшүндүрдү.
"Дарылардын партиясы "Ош" базарындагы тротуарга сатыкка түштү дейли. Аны QR-код менен кайсы компания алып киргенин, кимге таандык экендигин, кайсы дарыкана алгандыгын текшерип билсе болот. Болбосо ар бир таблетканын артынан жүрө албайсың, кайдан келгенин билүүгө мүмкүн эмес. Бул маселени маркалоо жана электрондук көзөмөл аркылуу гана чечүүгө болот. Аталган жааттагы тесттик иштерге сентябрь-октябрь ичинде өтөбүз. Жыл аягына чейин ага жетип калабыз деп ойлойм", — деген Касымбеков.
Ал эгерде Кыргызстанда электрондук бул система киргизилсе, контрабанда азаярын айткан.
Пресс-борбор
Фармсоюз: Кыргызстан дары-дармекти 30дан ашык мамлекеттен импорттойт