Мамлекеттик ички карыздын көлөмү биринчи жолу 80 млрд. сомдон ашты

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 7,8 миллиард сомго өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Июнь айынын этегине карата Кыргызстандын мамлекеттик ички карызы 82 миллиард 175,1 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылган.
Министрликтин ачык маалыматтарынан ички карыздын көлөмү биринчи жолу 80 миллиард доллардан ашканын көрүүгө болот. Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 7,8 миллиард сомго өскөн.
Белгилей кетсек, ички карыздын бардыгы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түзүлгөн.
Аталган ведомствонун сайтына 1992-жылдан берки ички мамлекеттик карыз туурасында маалыматтар жарыяланган. Төмөндө анын кантип өскөнүн көрүүгө болот:
1992 — 180,9 миллион сом;
1993 — 1 миллиарддан ашкан;
1996 — 5 миллиардан ашкан;
1997 — 7 миллиарддан ашып, андан соң өйдө-ылдый болуп жатып, бирок кайра көбөйө баштаган;
2009 — 8 миллиарддан ашкан;
2011 — 12 миллиардга көбөйгөн;
2016 — 22 миллиарддан ашып кеткен;
2017 — 30 миллиарддан өйдө чыга баштаган;
2018 — 44 миллиардды чапчыган;
2019 — 51 миллиарддан арбын болгон;
2020 — 58 миллиард сомдон да ашкан;
2021 — 72,3 миллиарддай болгон.
Мамлекеттик карызды тейлөөгө жети айда канча каражат жумшалганы айтылды