Диндердин тарыхы сабагы боюнча мугалимдер менен теологдор окутула баштады. Сүрөттөр

Белгилей кетсек, жаңы предмет быйылкы окуу жылынан тарта өтүлө баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча мугалимдерди окутуу башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча мугалимдерди окутуу башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, мындай окуудан тарых сабагынын мугалимдери менен теологдор өтүүдө

3 / 3

Учурда 35 тайпа өз ишин баштаганы айтылды

Билдирмеге караганда, мындай окуудан тарых сабагынын мугалимдери менен теологдор өтүүдө. Учурда 35 тайпа өз ишин баштаганы айтылды.
Окуулар үч бөлүктө өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат:
Биринчи бөлүк – 15-августтан 19-августка чейин;
Экинчи бөлүк – 22-августтан 26-августка чейин;
Үчүнчү бөлүк – 29-августтан 2-сентябрга чейин;
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предмети киргизилмекчи. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Радио
Иманкулов: диндердин өнүгүү тарыхы сабагында окуучуга баа коюлбайт