Коргоо министри Москвадагы коопсуздук конференциясына катышууда

Кыргызстандын коргоо министри Москвада бир катар жолугушууларга катышып, андан соң россиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Эл аралык коопсуздук боюнча Москвада өткөн X конференцияга катышты. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле конференциянын алкагында Бекболотов россиялык кесиптеши Сергей Шойгу жана Аскердик транспорттук чатактуу окуялар боюнча федералдык кызматтын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Маалыматка караганда, эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясына 35 өлкөнүн коргоо ведомстволорунун жетекчилери катышты.
"Азия-Тынч океан чөлкөмүндө, Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы, Латын Америкасындагы жана Европа континентиндеги стратегиялык туруктуулук жана коопсуздук маселелери каралды", — деп айтылат билдирүүдө.
2012-жылдан бери өткөрүлүп келген Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы эл аралык мамилелердин эң актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган.
Бишкек шаарында "Антиконтрафакт" эл аралык форуму өтөт