Казакстан чет элдик айдоочуларга дизелди эки эсе кымбат сатууну пландап жатат

Казакстандын премьер-министри күйүүчү майга өзүнчө белгиленген бааны 20-августтан тарта киргизүү керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Казакстанда чет элдик айдоочуларга дизелди эки эсе кымбат баада сатуу демилгеленди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Коңшу өлкөнүн энергетика министри Болат Акчулаков өкмөттүн жыйынында дизель майынын тартыштыгын алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, транзиттик транспортторго жана чек аранын тегерек четинде сатууга өзүнчө баа киргизүү боюнча буйруктун долбоору иштелип чыккан.
Ага ылайык, Казакстандын жарандарына күнүнө 100 литрге чейин гана дизель сатуу чектөөсү киргизилет. Алар айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүп жалпы баа менен литрин 230-260 теңгеден (39,8-45 сом) алышат. Ал эми жүк ташуучу автоунааларды башкарып бараткандар айдоочулук күбөлүгүн жана транспорту Казакстанда катталганын ырастаган документин көрсөтүү менен күнүнө 300 литрге чейин ала алат.
Башка жарандарга жана жогоруда көрсөтүлгөн чектөөдөн ашканда дизель отунунун бир литри 450 теңгеден (77,85 сом) сатылат.
Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов транзиттик транспорттор үчүн күйүүчү майга өзүнчө белгиленген бааны 20-августтан баштап киргизүү керектигин айткан.
Кыргызстанда күйүүчү май арзандайбы? Адистин жообу