Радио

Темиров: өлкөнүн IT потенциалы жарнамага муктаж

Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров IT тармагындагы адистер үчүн өлкөдө жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
Өлкөнүн IT секторундагы мүмкүнчүлүктөр жарнамага муктаж. Анткени Кыргызстанда салыштырмалуу жакшы шарттар түзүлгөн, бирок аны көбү биле бербейт. Бул тууралуу Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызстан — санарип көчмөндөрдүн өлкөсү" деп Көчмөндөр оюндарынын принцибинде ири иш-чараларды өткөрүү зарыл.
"Кызмат көрсөтүүнү сатыш үчүн алгач өзүңдү таанытуу зарыл. Чынында дүйнөдө көбү Кыргызстандын IT тармагындагы потенциалы тууралуу биле бербейт. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде бул ишти колго алуу керек. Көптөр кооз табияты бар экенин айтып, бирок IT тармагында дагы мүмкүнчүлүктөр кеңири экенинен кабары жок. Украинадагы окуялардан кийин Россиядан 40тан ашуун компания кирди. Алар өлкөнүн IT потенциалы тууралуу жакшы билбептир. Келгенден кийин таң калышууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзүбүздү жакшы жарнама кыла алдык. Ошондой эле принцип менен "Кыргызстан — санарип көчмөндөрдүн өлкөсү" деп өлкөдөгү IT секторундагы мүмкүнчүлүктөрдү жарнамалоо зарыл. Мурда ар бир өлкө өзүнө кадр тартууга аракет кылчу. Бирок пандемиядан кийин абал өзгөрүп, адистер ар кайсы жакка көчүүдө. Кыргызстанга дагы жакшы адистер келди. Демек, азыр жарнамалоо убагы. Көпчүлүк Түркияга, Грузия, Азербайжанга басым жасап жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан ошондой же андан артык шарттарды түзүүдө. Бирок көпчүлүгү аны биле бербейт. Ошондуктан Кыргызстандын IT тармагындагы шарттарды маркетинг жагынан жарнамалоо жетишпей жатат", — деди Темиров.
Ошондой эле ал маркетингдин жардамы менен IT тармагындагы пайданы үч-төрт эсе көбөйтсө боло турганын кошумчалады.