Еревандагы жарылуудан каза тапкандардын саны 16га жетти, бирөө жаш бала

Ереван шаарында Сурмалу соода борборундагы жарылуу
Учурда жаракат алгандардан сырткары 18 адамдын дайыны чыкпай жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ереван шаарында "Сурмалу" соода борборундагы жарылуунун кесепетинен каза болгондордун саны 16га жетти, анын бири жаш бала. Бул туурасында Sputnik Армения агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен билдирди.
"Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 16 адамдын сөөгү табылды. Тогуз кишинин, анын ичинде бир жаш баланын ким экени аныктала элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, ӨКМдин куткаруу кызматына түшкөн чалуулар боюнча 18 адамдын дайыны чыкпай жатат, алардын арасында Россиянын жана Ирандын бирден жараны бар.
Белгилей кетсек, 14-августта Армениянын борбору Еревандагы "Сурмалу" сооба борборунда кырсык катталган. Мэриянын маалыматына караганда, пиротехникалык материалдарды сактаган кампа жарылган. Жаракат алган 61 адам ооруканага жеткирилген.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров
Садыр Жапаров Армения президентине көңүл айтты