Ислам оюндары: Петрашов алтын, Нармухамедова күмүш медаль алды

Жалпысынан улуттук команданын куржунуна 23 медаль чогулду, анын ичинен тогузу алтын, жетөө күмүш жана жетөө коло болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын куржуну дагы бир алтын жана бир күмүш медаль менен толукталганын Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзүп, алтын медаль тагынган. Буга чейин спортчу эки коло медалдын ээси болгон.
1 / 2

Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзүп, алтын медаль тагынган.

2 / 2

Дзюдо боюнча Шахида Нармухамедова 2-орунга илинип, күмүш медаль тагынды.

Мындан тышкары, дзюдо боюнча Шахида Нармухамедова 2-орунга илинип, күмүш медаль тагынды. Спортчу кыз 78 килограммга чейинкилер арасында беттешкен. Финалда түркиялык балбанга жеңилген. Ага чейин Камерун жана марокколук спортчуларды уткан.
Белгилей кетсек, учурда Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Ага жалпы жонунан 56 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышууда. Кыргызстандын делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши бар.
Жалпысынан улуттук команданын куржунуна 23 медаль чогулду, анын ичинен тогузу алтын, жетөө күмүш жана жетөө коло болду.
Жаачы Ынтымак Мурадил уулу Ислам оюндарында алтын медалга татыды