Бишкекке Новосибирскиден бизнес-миссия келди

Делегация Кыргызстанда 18-августка чейин болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын Новосибирск облусунан бизнес-миссия келгенин Россиянын республикадагы соода өкүлчүлүгү кабарлады.
Делегациянын курамындагы компаниялар текстиль өнөр жайы, энергетика, агроөнөр жай тармактарындагы продукциясын, ошондой эле азык-түлүгүн көрсөткөн.
"Жолугушуу учурунда новосибирскилик компанияларга Россия менен Кыргызстандын биргелешкен долбоорлору, бизнес жүргүзүү шарттары, экспорт мүмкүнчүлүгү, ошондой эле потенциалдуу керектөөчүлөр тууралуу маалымат берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Делегация Кыргызстанда 18-августка чейин болуп, жергиликтүү компания өкүлдөрү менен жолугары белгилүү болду.
Кыргызстанда валютанын "көмүскө рыногу" иштейби? Улуттук банктын жообу