Бишкек: гезит саткан күркөлөр бир типтүү павильондорго алмашат. Сүрөт

Азыр иштеп жаткан күркөлөрдүн ээлерине башка жерден орун сунушталат. Ал эми ижара акысы боюнча келишими кайра түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкекте мэрия гезит саткан күркөлөрдү бир стилге келтирүүгө ниет кылып жатат. Жаңы эскиздерди "Бишкек башкы архитектура" ишканасы карап беките тургандыгын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Бишкекте мэрия гезит саткан күркөлөрдү бир стилге келтирүүгө ниет кылып жатат

2 / 3

Жаңы эскиздерди "Бишкек башкы архитектура" ишканасы карап беките тургандыгын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты

3 / 3

Шаардык бийлик жаңы эскиздеги павильондор борбор калаанын архитектурасына бап келет деген ойдо

Шаардык бийлик жаңы эскиздеги павильондор борбор калаанын архитектурасына бап келет деген ойдо.
Маалыматта азыр иштеп жаткан күркөлөрдүн ээлерине башка жерден орун сунушталары, ал эми ижара акысы боюнча келишими кайра түзүлөрү айтылган.
Муниципалдык инспекция уруксат кагазы жок объектилерди коюлган жерлеринен алмакчы. Ал эми ижара боюнча келишими барларга орун которуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалашты.
"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү