Министр Бекболотов россиялык кесиптеши Шойгу менен жолукту. Эмне сөз болду

Тараптар эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташуу туруктуу негизде эч бир тоскоолдуксуз аткарылып жатканын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын аскердик тармакта 2025-жылга чейин стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы өз нугунда аткарылып жатат. Бул тууралуу РФ коргонуу министри Сергей Шойгу билдиргенин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москвада россиялык кесиптеши менен жолуккан.
"Биздин ортобузда талкуулай турган жана көрсөтө турган жагдайлар көп. Жалпы кырдаал биз каалагандай анчалык тынч эмес. Бирок сиздер менен болгон мамиледе андай чоң көйгөйлөр жок деп ойлойм. Тескерисинче, 2025-жылга чейин бекитилген ири жана олуттуу программабыз бар. Ал туруктуу негизде эч бир тоскоолдуксуз аткарылып жатат. Бул аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктарга тиешелүү", — деген Шойгу.
Ошондой эле ал Бекболотовго эл аралык коопсуздук боюнча Москвада өткөн X конференцияга жана Армия оюндарынын ачылышына катышуу үчүн келгенине ыраазычылык билдирген.
Коргоо министри Москвадагы коопсуздук конференциясына катышууда