Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Politico: Путин Батыштын Украинага жардамынын солгундашы боюнча туура айткан

Саясат таануучу Москвага карата салынган санкциялар Европага кесепетин тийгизе баштагандыгын жана кырдаал кыйындай турганын белгилөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Батыш тараптын Украинага берген жардамы солгундай баштайт деген божомолу туура чыгышы мүмкүн. Бул туурасында америкалык саясат таануучу Ражан Менондун Politico басылмасындагы макаласында айтылганын РИА Новости жазды.
Анын пикирине караганда, Киевге жасалган колдоонун төмөндөп бара жатышына Батыш өлкөлөрүндөгү экономикалык абалдын начарлап кетиши себеп болот.
"Путин согуш аракеттери экономикага өзүнүн таасирин тийгизип, андан улам Батыш тараптын Украинага жардамы акыры барып солгундайт деп айткан, бул жаатта анын сөзү чын болуп чыгышы мүмкүн", — деп эсептейт Менон.
Саясат таануучу Москвага карата салынган санкциялар Европага кесепетин тийгизе баштагандыгын жана кырдаал кыйындай турганын белгилеген.
"Европалыктар ири инфляцияга, энергетикалык ресурстардын баалары улам өсүп бараткан кырдаалга тушукту. Ал эми россиялык газды берүүнүн кыскарышы Европанын экономикалык борбору — Германияны кышында көгүлтүр оттун каатчылыгынан кыйгап өтүш үчүн экстраординардык чараларды кабыл алууга аргасыз кылды. Кыязы, Батыштын санкциялары Россияга бир топ эле сокку болду, бирок Путин Россия Европага караганда мындай нерсеге бир топ эле такаат бере аларына ишенип турат", — деп айтылган макалада.
Россиялык атайын операциянын фонунда Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак берүүнү улантып келе жатат. Жакында эле Вашингтон аскердик жардам көрсөтүү үчүн жарым миллиард доллар суммасындагы акча бөлүнөрүн жар салды. Ага артиллериялык ок-дары, танкаларга каршы иштеген миңге чукул Javelin комплекстери, сооттолгон медициналык автоунаалар, жардыргычтар жана дары-дармек алынарын айтышты.
Москва куралдарды аталган тарапка берүү чатакты создуктурарын, ал эми курал-жарак салынган транспорттор Россиянын космостук аба күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
The Guardian: Батыш Украинанын далысына бычак урушу мүмкүн