"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү

Кеңешмеде сунушталган курулуш долбоорлору талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7000 орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы "Асман" экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар "Бишкек Сити" эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталган.
Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралган.
Жапаров тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.
"Бул объектилердин курулуш долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү. Алардын жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт", — деди өкмөт башчы.
Жыйынтыгында Жапаров бул багытта мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берген.
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 250 млн. сомдук тендер жарыяланды