Аритмияны дарылабаса адамды майып кылып, өлүмгө кептейт. Кардиологдун маеги

Жүрөк ооруларынын көбү аритмия менен коштолот. Аритмия — бул жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу. Айрымдарда бул дарт билинбей жүрүп өмүрдү коркунучка кептейт.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов болду. Биз жүрөк аритмиясынын өмүргө коркунуч туудурган түрлөрү жөнүндө маектештик.
— Негизи жүрөктүн иштөө ыргагы кандай болушу керек?
— Жөн турган кезде жүрөк 60тан 90го чейин согушу керек. Эгер 100дөн жогору болсо тездик менен (тахикардия), ал эми 50дөн ылдый болсо жай согуу (брадикардия) болуп эсептелинет. Жүрөктүн жай, акырын согушу АУ блокадага байланыштуу. Жүрөк карынчаларынын ортосунда жүрөктүн согуу импульсун карынга өткөрүп берүүчү түйүн бар. Эгер ошол жерде кармалуу болуп же түйүн жүрөк кагышын өткөрө албай калса АУ блокада болот. Мунун II же III даражасы кооптуу болуп саналат. Анткени жүрөк карынчасы организмди кан менен толук камсыздоого жетишпей калат. Мындай учурда хирургиялык жол менен адамга кардиостимулятор аппараттары коюлуп калышы мүмкүн.
— Жүрөктүн согуу ыргагы эмнеден улам бузулат?
— Аритмиянын түрлөрү абдан көп. Эң жөнөкөйү стресс абалында жүрүү, дене табынын көтөрүлүшү, өлчөмүнөн ашыкча тамак жеп койгондон пайда болот. Ошондой эле майлуу, туздуу тамактар, спирт ичимдиктери, энергетиктер менен газдалган суусундуктар да аритмияга алып келет. Кээ бир өнөкөт ооруларга карата ичилүүчү дары-дармектердин көрсөтмөсүн кароо зарыл. Анткени жүрөктүн иштөө ыргагын бузган дарылар да бар. Бул дарт адамдын жашоо, тамактануу эрежелерине, кесип өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Себебине жараша чукул же өнөкөт болуп бөлүнөт.
— Кыргызстанда аритмия менен жабыркагандар көп эле болсо керек. Тобокел тобундагылар кимдер?
— Аритмиянын эң кооптуусу — жүрөк ишемиясынан же инфарктыдан улам жүрөктүн белгилүү бир жери зыян тартып, ошонун негизинде пайда болгондору. Ошондой эле сасык тумоодон, спирт ичимдигин көп ичкенден, уулуу заттарды колдонуп же анын жанында иштегенден улам да жүрөктүн иштөө ыргагы бузулат. Мисалы, машина боёгондордун ден соолугуна боёктун жыты кедергисин тийгизбей койбойт. Ошентсе да аритмиянын бардык түрү кооптуу болуп эсептелбейт. Эгер аритмия инфаркт, жүрөк кемтиги же клапандарда өтө кооптуу абал жаралган ооруларга байланыштуу болсо, жүрөктүн бат согушу адамды бир топ кыйнашы мүмкүн. Кээ бир тубаса аритмиялар акыры өлүмгө алып келет. Айрым учурда уктап жатып ойгонбой, машыгып жатып же сууда сүзүп баратып суу жутпай эле каза болуп калгандар болот. Ал адамдарда аритмия оорусунун өтө кооптуу түрү болушу мүмкүн жана аны убагында дарылабаса майып кылып коёт.
Дамир Осмонов: жөн турган кезде жүрөк 60тан 90го чейин согушу керек. Эгер 100дөн жогору болсо тездик менен (тахикардия), ал эми 50дөн ылдый болсо жай согуу (брадикардия) болуп эсептелинет
— Медицинада жүрөккө байланышкан оорулардын түрү көп. Ар бирине токтолуп түшүндүрүп кетсеңиз?
— Жүрөктүн жай согушу — бракардия, бат-бат согушу — тахикардия деп аталат. Ал эми пароксизм — кокусунан эле жүрөктүн лакылдап барып кайра калыбына келиши. Карынча тахикардиясы баарынан кооптуу. Мында жүрөк булкуп-булкуп согуп, адамдын алы кетип, башы айланып же кускусу келет. Айрымдарга көкүрөктөн чыккан ысык дем тамакка чейин баргандай сезилет. Кээ бирлердин жүрөгүнүн ар бир экинчи-үчүнчү кагышы ыргактан чыгып турушу ыктымал. Ушуга карап дарылайбыз. Бирок бардык эле аритмиянын түрү дары менен дарылана бербейт. Анткени тамакты ашыкча жеп алгандар диета кармап, убагында уктабагандар уйкусун калыбына келтирсе эле жакшы болуп кетет. Коңурук тарткандар менен мурдуна эт өсүп кеткен адамдар да кычкылтектин жетишсиздигинен аритмияга кабылат. Ошондой эле бул гормондорго да байланыштуу. Мисалы, Кыргызстанда богок оорусу абдан көп. Биринчи ушундай өнөкөт ооруларды дарыласа аритмия өзү эле жоголот.
— Аритмиянын ден соолукка кооптуу эмес да түрлөрү болорун айттыңыз?
— Ооба, аритмиянын да механизмдери болот, ал дарылоо үчүн аябай маанилүү. Аритмияга кабылгандар чочубашы керек. Себеби анын бардык түрү эле өлүмгө же оор кырдаалга алып барат деген түшүнүк жок. Синус аритмиясы жүрөккө эч кандай кооптуу абал жаратпайт. Ал эми синус бракардиясы көп машыккан адам үчүн норма болуп эсептелинет. Ал эми синус тахикардиясы айыз келгенине байланыштуу кыздарда көп кездешет. Себеби ошол кезде гемоглобин түшүп кетет. Булар кийин кайра калыбына келет. Ал эми фокалдык аритмиянын чыккан чекитин таап туруп күйгүзүп койсо ал токтойт.
Тукум кууган оору атадан өтөбү же энеденби? Нейрогенетик Нурбекова менен маек
— Ангина, сасык тумоо өңдүү жугуштуу оорулар кандайча аритмияны чакырат?
— Гриппти козгоочу вирустардын ичинде булчуңдарды алсыздандыруучулары да бар. Ал жүрөк булчуңуна да таасир этип, миокардитти чакырат. Миокардит көпчүлүк учурда адамга билинбейт. Бирок сасык тумоо болгон адам тердеп, дем жетпей, буттары шишип жатса кардиологго сөзсүз көрүнүшү кажет. Ангина да жүрөктүн клапандарын бузуп, импульс жабыркап, анын кесепети аритмияга алып келет. Ошол себептен грипптен улам аритмияга кабылган адам сасык тумоо жуктурбаганга аракет кылышы керек.
— Аритмия инсультка жеткирерин айтышат. Анын кайсы түрү мындай кооптуулук жаратат?
— Жүрөк жай соксо канды айланта албай, мындан мээге кан жетпей, адамдын башы тегеренип, көзү караңгылайт. Пульс кайра өзүнө келгенге чейин мээнин кан айлануусу бузулушу ыктымал. Эгер ага чейин эле мээнин кан айлануусунда көйгөй болсо, ошол кан тамырлардагы холестериндин көптүгүнөн улам бейтап инсультка кабылышы мүмкүн. Ошондой эле бул жүрөктүн иштешине да байланыштуу. Жүрөк өзүнө өзү канды жеткире албаса ал ишемияны же андан да кооптуу инфарктты чакырат. Бул жүрөктүн жай согушуна байланыштуу. Тез-тез соккондо да канды айланта албай калат. Мындан улам да мээге же жүрөккө кан жетишпей көкүрөк ооруп, аба жетпей, демигип, инфарктынын симптомдору байкалат. Кээде өлүмгө жеткирет. Жүрөктүн булчуңдарынын бир бөлүгү жабыркаса инфаркт делет, ал эми мээде тромб болсо инсультка алып келет. Мына ошолордо да аритмия сөзсүз кездешет.
— Белгилери кандай болот?
— Аритмияны ар бир адам ар түрдүү сезет. Кээ бир адам жүрөгү бат согуп, жаны кыйналмайынча эч нерсе сезбейт. Айрымдарга жүрөгү бир эле жолу тез-тез согуп койсо ошо да сезилет. Басканга да шайы жок, көзү караңгылап жаткандарда кан айлануу бузулган. Алардын арасында эс-учун жоготуп койгондор да кездешет.
Дамир Осмонов: аритмиянын эң кооптуусу — жүрөк ишемиясынан же инфарктыдан улам жүрөктүн белгилүү бир жери зыян тартып, ошонун негизинде пайда болгондору
— Катуу сүйүнгөндө, кайгырганда же бир нерсеге кабатырланган учурлар да себеп болобу?
— Эмоционалдык абал бат-бат кайталана берсе аритмияга алып келет. Адам катуу сүйүнсө же ызаланса жүрөк батыраак согот. Кийин акырындап калыбына келет. Бул учурда дары ичип кереги жок. Ден соолугу таптаза туруп аритмияга кездешкен жагдайлар арбын. Анализдей келгенде, 3-4 күн уктабай жүргөнү аритмияга себеп болгонун билсе болот. Айрымдарга интернеттеги бардык маалыматты ылгабай кабыл ала берүү же жүрөк ооруткан жаман сөз угуп, ага кыжалат болуп түнү менен уктабай калуу да аритмияны пайда кылат. Кыскасы, аритмияны адамдын көнүмүш жашоо образы бузулуп, сырткы чөйрөдөгү окуяларга жүрөктүн реакциясы деп түшүнүүгө болот.
— Дарылоо иши тууралуу айтсаңыз?
— Аритмия учурунда тартылган ЭКГ бизге көп маалымат берет. Анын жардамы менен жүрөктүн бардык оорусун аныктап койсо болот. Эгер аритмия өтүп кеткенден кийин ЭКГга түшсө, анда жыйынтыгы нормалдуу эле чыгып калышы мүмкүн. Бирок бул баары жакшы дегенди билдирбейт. Олуттуу маселе байкалса ЭХОго жиберип, жүрөктүн түзүлүшүн текшерип, тубаса жүрөк кемтиги өңдүү ооруларды аныктайбыз. Эгер оорунун белгилеринен өтө олуттуу аритмиялардын түрү байкалса, жүрөккө электрофизиологиялык изилдөө жасалат.
Суправентрикулярдык тахикардияда жүрөктүн ичине кирип оорунун чекитин таап күйгүзүү жолу менен андан толук арылууга болот. Операция дары жардам бербей калган учурда гана жасалат.
Албарсты басабы же баспайбы? Психиатрдын уйку параличи тууралуу кызыктуу маеги