Бишкек шаарында "Антиконтрафакт" эл аралык форуму өтөт

Иш-чарада ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн соода алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында 26-28-сентябрь күндөрү 10-мааракелик эл аралык "Антиконтрафакт" форуму өтөт. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган.
Быйылкы жылдын негизги урааны — "Жаңы чакырыктар – контрафакт менен күрөшүүнүн жаңы механизмдери!"
Бизнес-программада 12 талкуу сессиясы (анын ичинде жаштар сессиясы) камтылган. Бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү, дары-дармектин, биологиялык активдүү кошулмалардын жана медициналык буюмдардын онлайн-соодасы темалары козголот. Интеллектуалдык менчик, курулуш материалдарын, китеп сатуу, тамеки жана никотин камтыган продукциялардын рыногу тармагында IT-технологияларды колдонуу маселелери каралат.
Ошондой эле ЕАЭБдин жана уюмга мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселеси көтөрүлөт.
Форумду кыргыз өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы уюштурууда.
Чолпон-Атада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт