Альпинисттер Ленин чокусуна бараткан жолдо кишинин сөөктөрүн табышты

Милиция кызматкерлери альпинисттер айткан аймакка чыгып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда альпинисттер Ленин чокусуна бараткан жолдо адамдын сөөктөрүн табышты. Кабарды Ош облустук ички иштер башкармалыгы таратты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-августта, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө альпинисттер телефон чалып, деңиз деңгээлинен 4 400 метр бийиктикте Ленин чокусуна бараткан жолдо кийимчен адамдын сөөктөрүн тапканын айтышкан.
Учурда милиция кызматкерлери аталган аймакка чыгып кетишти.
Облустук милициянын билдиргени боюнча, 2021-жылы эки альпинист дайынсыз жоголгондугу тууралуу факт катталган.
Кан-Теңир чокусунда россиялык альпинист кыз каза болду