БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Батыш лидерлеринин курулай дымак менен Украинаны колдоп жатышы Европанын тургундары үчүн пайдалуу эмес. Анткени алар экономикалык жактан утулуп жатат. Бул тууралуу РФ сенатору Алексей Пушковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Мындай "туруктуулук" Батыш өлкөлөрүнө жана алардын экономикасына жоготуулардан башка эч пайда алып келбейт. Болгону курал-жарак өндүрүүчүлөргө жана Лиз Трасс (Улуу Британиянын тышкы иштер министри, — ред.) сыяктуу саясий демагогдорго гана пайдалуу. Алар бийликке гана ашыгышат. Мындай аракеттерди бүткүл дүйнөнү өз идеяларына баш ийдирүүгө умтулган неолибералдык идеологиянын жактоочулары колдойт", — деди Пушков.
Ошондой эле ал бул саясат барган сайын карапайым европалыктар менен америкалыктарга көбүрөөк зыян келтирип жатканын кошумчалады.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү. Буга чейин союздаш күчтөр Луганск Эл Республикасын жана Донецкинин олуттуу бөлүгүн, анын ичинде Волноваха, Мариуполь жана Святогорск шаарларын бошотушкан.