Куралданган робот ит, сооттолгон "Ахмат". "Армия-2022" форумундагы жаңылыктар

Россиялык орбиталык станциянын макети, айдоочусу жок башкарылган жүк ташуучу "Урал" жана башка жаңы техникалар форумдун катышуучуларынын кызыгуусун жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Армия-2022" форумунда гранатомёту бар робот иттен тарта мотосерфторго чейинки жаңычыл техникалар көрсөтүлдү.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы аталган эл аралык иш-чарада коомчулуктун сынына коюлган россиялык курал-жарак боюнча видео топтомду сунуштады.
Алардын арасында куралданган М-81 робот ит, ыкчамдыгы жогору мотосерф, айдоочусу жок башкарылган жүк ташуучу "Урал", сооттолгон "Ахмат" автоунаалары, россиялык орбиталык станциянын макети жана дагы бир топ алдыңкы техникалар коюлган.
Путин: Россия өнөктөштөргө, союздаштарга заманбап куралданууну сунуштоого даяр