Элчилик: АКШ өзөктүк державалардын кагылышуусун шартташы мүмкүн

Дипөкүлчүлүк АКШнын Россиянын иш-аракеттери өзөктүк держава статусуна дал келбейт деген риторикасына да көңүл бурган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Украина кырдаалында АКШнын Россия менен гибриддик тирешүүгө тартылуу кадамдары эскалацияга жана өзөктүк державалардын аскердик кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчилиги кабарлаганын РИА Новости жазды.
Дипөкүлчүлүк АКШ администрациясынын Россиянын иш-аракеттери өзөктүк держава статусуна дал келбейт деген риторикасына көңүл бурганын белгилеген. Элчилик Хиросима менен Нагасакинин элин атомдук бомбалоого дуушар кылган өлкөдөн Россияны өзөктүк чөйрөдөгү жоопкерчиликсиздиги боюнча айыптоолорун угуу коркунучтуу деп эсептешет.
"Украина кырдаалында АКШнын Россия менен тирешүүгө тартылган кадамдары өзөктүк державалардын кагылышына алып келиши ыктымал", — деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киссинджер: АКШ Россия жана Кытай менен согушуу коркунучунда турат