Өкмөт №47 түзөтүү колониясынын ордуна эмне куруларын айтты

Учурда түзөтүү колониясын башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчалар камтылган турак жай комплекси курулат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде өткөргөн көчмө жыйынында каралган.
Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев учурда № 47 түзөтүү колониясын башка жерге көчүрүү иштери жүрүп, тиешелүү объектилердин курулушу башталганын айткан. Ал абакта жаткандар №10 (Жалал-Абад), №27 (Чүй облусу, Молдовановка) жана №8 (Чүй облусу, Петровка) колонияларга которулат.
Ошто 100 кишиге жумуш бере турчу индустриалдык-логистикалык борбор курулат