17-августка карата аба ырайы

17-августка караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган региондордо, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Анткен менен дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23...+28 жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +34...+36 жана Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска жетет.
Ош мэриясы жол оңдоочу атайын техникаларды сатып алды. Сүрөт
Ош мэриясы жол оңдоочу атайын техникаларды сатып алды. Сүрөт