ИИМ 19 жаштагы блогерди Жетим-Тоо боюнча жалган маалымат тараткан деп кармады

Милиция блогердин такталбаган маалымат таратканын, элдин башын айландырып жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев Жетим-Тоо кени боюнча жалган маалымат таратууга шектелип 48 саатка кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Милиция ал социалдык тармактагы баракчасына атайын такталбаган жалган маалымат таратып, элдин башын айландырып жатканын айтууда.
"Соңку убакта Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында кайрадан талашып-тартышуулар жаралууда. Белгилүү бир адамдар кенди казууга каршы чыгып соцтармактан түрдүү маалыматтарды жайылтууда. Жекшеналиевдин "Полит Узник" баракчасына да туура эмес маалыматтар чыгууда. Кээ бир активисттер жана жарандар элдин башын айландыруу менен Жетим-Тоонун айланасындагы кырдаалды туруксуздаштырууну көздөп жатышат", — деп жазылат маалыматта.
Учурда Жекшеналиевге карата ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандык") 3-бөлүгү тарабынан кылмыш иши козголгону белгиленди. Ал бөлүк "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" деп аталат. Мындай берене менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Блогер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жетим-Тоо азыр казылбайт, элдин башын айлантпагыла! Жапаров кайрылуу жасады