Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Володин: Украина финансылык көз карандысыздыгын жоготту

Вашингтон менен Брюсселдин жардамысыз Киев учурда элинин алдындагы милдеттенмелерин аткара албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-август. — Sputnik. Украина экономикасынын бир айлык тартыштыгы беш миллиард долларды түзүүдө. Мындан улам Киев элинин алдындагы милдеттенмелерин аткара албай каржылык көз карандысыздыгын жоготуп жатат. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володинге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Украина банкрот абалында. Чогулган салыктар өлкө бюджетинин 40 пайызын гана түзөт. Анын ичинен 60 пайыздан ашыгы аскерий чыгымдарга жумшалып жатат. Мунун аркасынын ай сайын болуп жаткан тартыштык 5 миллиард доллардан ашууда", — деди Володин.
Анын айтымында, Вашингтон менен Брюсселдин жардамысыз учурда Киев жарандардын алдындагы милдеттенмелерин аткара албайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
New York Times: Батыш Путин менен Эрдогандын кызматташуусуна нааразы