Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина тарапта согушкан америкалык жоокерлер арасат ойдо калууда. Видео

Жон Марк Дуган Америкада Россия тарапты жактагандар көп экендигин, бирок муну баары биле бербестигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Американын деңиз аскерлер корпусундагы Украина тарапта согушкан жоокерлер арасында Батыш ЖМКларына ишенбей, АКШнын Украинадагы саясатын кылмыштуу деп эсептегендер да бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине ДЭРге жер которгон журналист, мурдагы деңиз аскери Жон Марк Дуган билдирди.
"Баары деңиз аскерлери (АКШ) Украина тарапта болуп, согушуп жатканын билишет, мен туткунга түшкөн бир жоокер туурасында уктум. Ал жаңылыптыр. Бул жерде жашап жаткан ал аскерлердин көбү үйүнө кайткан соң бизди түшүнөт деп ойлойм. Мени менен корпустан мурдагы кесиптештерим байланышып, Россия тарапты колдоп, Батыштын калпына ишенбей тургандыгын айтышты. Андыктан мен башкалар үчүн жооп бере албайм, бирок Америкада Россия тарапты жактагандар көп, муну баары биле бербейт", — деген Жон Марк Дуган.
Анын айтымына караганда, АКШнын аракеттерин кылмыштуу деп эсептегендер да бар.
"Деңиз аскерлеринин ичинде Россия тарапты жактаган көп балдар бар, алар Батыш ЖМКларына ишенбейт. Ал тургай азыр да мен байланышып турган аскерлер Россияны жакташарын, ал эми АКШ жасап жаткан нерселер негизинен кылмыш экендигин айтышууда", — деп кошумчалаган ал.
АКШдагылар Байдендин Украина үчүн кармашта жеңилип бара жаткандыгын айтышты