Ала-Арчада тоонун чокусунан кулап кеткен киши изделүүдө

Кырсык тууралуу маалымат 112 кызматына кечээ кечке жуук түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында Учитель чокусунан түшүп келе жаткан киши кулап кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын тоодон кулап түшкөнү тууралуу маалымат 112 кызматына кечээ, 14-августта, саат 19:20лар чамасында түшкөн.
Жерине "Эдельвейс" куткаруучулар тобунан алты куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишкен. "Хижина Рацека" альпинисттердин лагерине барганда кеч киргендигине байланыштуу издөөнү токтотушкан. Куткаруу иштери бүгүн улантылат.
Ысык-Көлдө толкунга кабылып, дайынсыз болуп жаткан спортчу аман-эсен табылды