Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлгөнүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда Киркомстром аймагында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан 15-августтан 20-августка чейин №14 троллейбус Бейшеналиева — Москва — Фучик көчөлөрү менен жүрүп турмакчы.
"Буга чейин №14 троллейбус Киркомстром аймагындагы аялдамага токтоп, анан кыймылын улантчу. Азыр троллейбус ал жакка чейин жүрбөйт. Фучик көчөсүнө чейин барып, Дэн Сяопин көчөсүндөгү шлагбаумдан кайра кайрылып кетет. Троллейбус 20-августтан кийин мурдагы каттамы менен жүрө баштамакчы", — деди муниципалитеттин маалымат кызматы.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Бишкектин чок ортосундагы үч көчөдө унаа каттамы бир тараптуу болот