Садыр Жапаров Армения президентине көңүл айтты

Жапаров кыргыз элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн жана жаракат алгандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалаарын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурянга Еревандагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Армения Республикасында "Сурмалу" соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыркагандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм", — деп айтылган президенттин телеграммасында.

Кырсык Ереванда 14-августта болуп, бир нече адам көз жумган.
Жапаров адам өмүрүн алган суу ташкынга байланыштуу Пакистан президентине көңүл айтты