Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: россиялык аскерлер Донбассты улам илгерилеп бошотуп бара жатат

Бүгүн "Патриот" паркында эл аралык "Армия-2022" деп аталган аскердик-техникалык эл аралык форум жана эл аралык армия оюндары өттү. Анын ачылышында Владимир Путин сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россиялык аскерлер коюлган бардык тапшырмаларды так аткарып, Донбасс жергесин улам арылап бошотуп бара жатат. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин "Армия – 2022" форумунда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Путин "Патриот" паркында өткөн эл аралык "Армия-2022" деп аталган аскердик-техникалык эл аралык форумга жана эл аралык армия оюндарына барып, ал жерде сөз сүйлөгөн.
"Бүгүнкү күндө атайын операция учурунда биздин жоокерлер, Донбасстагы аскерлер биргелешип Россия үчүн, Донецк жана Луганскидеги элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн өздөрүнүн милдетин абийирдүүлүк менен аткарууда. Коюлган бардык тапшырманы так аткарып, Донбасс жергесин улам арылап бошотуп бара жатат", — деди Путин форумда сүйлөп жатып.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Президентти айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуп жана Россиянын өзүнүн коопсуздугун камсыздаган шарттарды түзүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинага чындап кирише элек. Путиндин Мамдумада сүйлөгөн сөзү