Путин: Россия өнөктөштөргө, союздаштарга заманбап куралданууну сунуштоого даяр

Путин бул куралдардын ишенимдүүлүгү, бекемдиги, сапаты жана майнаптуулугу кесипкөйлөр арасында жогору бааланарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россия Латын Америкасынын, Азиянын жана Африканын мамлекеттери менен болгон алаканы чын дилден баалайт жана аларга заманбап куралданууну сунуштоого даяр. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин "Армия – 2022" форумунда сүйлөп жатканда айтты.
"Россия Латын Америкасынын, Азиянын жана Африканын мамлекеттери менен болгон тарыхый, достук маанайдагы бекем байланышын чын дилден баалайт. Өнөктөштөр менен союздаштарга заманбап куралдануунун түрлөрүн, ок чыгарган куралдан тарта сооттолгон техникаларга, артиллериялык түзүмдөргө, аскердик авиацияларга, пилотсуз уча турган техникаларга чейин сунуштоого даяр", — деген Россия лидери.
Путин бул куралдардын ишенимдүүлүгү, бекемдиги, сапаты жана майнаптуулугу кесипкөйлөр арасында жогору бааланарын айтып, согуштарда бир эмес, бир нече ирет колдонулгандыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: россиялык аскерлер Донбассты улам илгерилеп бошотуп бара жатат