РФ элчиси эмне себептен талибдер* менен кызматташуу керектигин түшүндүрдү

Буга чейин Жирнов Кабул нефть, буудай жана өсүмдүк майын жеткирүү маселесин талкуулоону пландап жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Талибдер — Афганистандагы чындык. Андан качып кутула албайбыз. Ошол себептен Москванын кызыкчылыктарына ылайык келген жерден алар менен иштешүүгө туура келет. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов билдирген.
"Талибдер менен кызыкчылыктарыбызга туура келген жерде жана Россиянын алдындагы тапшырмаларды чечүүдө зарыл болгон учурда иштешүүгө туура келет", — деген элчи.
Ал Афганистандын Өнөр жай жана соода министрлигинин делегациясынын россиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрү 15-августта Москвада болорун кошумчалаган.
Буга чейин Жирнов РИА Новостиге Кабул нефть, буудай жана өсүмдүк майын жеткирүү маселесин талкуулоону пландап жатканын билдирген.
Талибан* — террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм
Талибдер учканды үйрөнүүдө: Түндүк Афганистандагы машыгуу кимге каршы багытталган?