Путин неонацизм менен расизмдин жайылышына катаал чара көрүүгө чакырды

Путин "Патриот" паркында башталган эл аралык "Армия-2022" аталышындагы аскердик-техникалык эл аралык форумдун ачылышына катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхын бурмалоого аракет кылгандарга, неонацизм, расизмге катаал чара көрүү зарылдыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"XX кылымда адамзатты нацизмге алып келген азаптуу трагедиянын сабактары унутулбайт. Дүйнөлүк экинчи согуштун миллиондогон курмандыктарынын алдындагы биздин милдетибиз — тарыхты бурмалагандарга катуу жооп кайтарып, русофобия, неонацизм, расизмдин кайсы түрлөрүн болбосун таратууга аракет кылгандарга каршы туруу", — деди Путин "Армия – 2022" форумунда сүйлөп жатып.
Ал форумдун алкагында антифашисттик эл аралык конгрессти өткөрүүнүн коомдук-саясий зор мааниси бар экендигин белгиледи.
Эске салсак, Путин "Патриот" паркында башталган эл аралык "Армия-2022" деп аталган аскердик-техникалык эл аралык форумдун жана эл аралык армия оюндарынын ачылышына барып, сөз сүйлөгөн.
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы