БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилгенин маалымдап, быйыл жалпы билим берүү уюмдарында классикалык форма болорун белгилеген.
Ведомство өкмөттүн 2015-жылдын 12-августунда бекитилген токтомуна таянган. Ага ылайык, окуучулар мектеп бекитип берген форманы киет. Башкысы, "асты кара, үстү ачык (ак) түс" деген классикалык үлгү сакталышы керек.
"Бирок социалдык жактан аз камсыз болгон ата-энелер балдарын "үстү ачык (ак), асты кара" форма менен камсыздаса болот. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, сабак өтүлчү жерге жана окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш", — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы жөнүндө чечимди башка министрлик жана ведомстволор менен ушул жылы кабыл аларын кошумчалаган.