Кытай: дүйнө Афганистан өкмөтү менен байланышты сакташы керек

Афганистанда бийликтин алмашканына туура бир жыл болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Эл аралык коомчулук Афганистандын убактылуу өкмөтү менен байланышты сактап, инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшүн колдошу керек. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, Афганистанда бийликтин алмашканына туура бир жыл болду.
"Биз "Талибан"* бийликке кайра келген бир жылдан бери жакшы жагына өзгөрүүлөр болгонун байкадык. Негизи эле алар 1990-жылдары бийликте турган мезгилге салыштырмалуу абдан өзгөрүшүптүр. Албетте, дүйнө коомчулугу бул кыймылга дагы деле абайлап мамиле кылып, чочулап турат. Муну Афганистан өзү жакшы билет. Андыктан эл аралык коомчулук жаңы бийлик менен мамилени үзбөшү керек", — дешти Кытайдын тышкы саясат ведомствосунан.
Ошол эле учурда Кытай афган бийлигине элдин, анын ичинде бардык этникалык топтордун, аялдардын жана балдардын негизги укуктарынын сакталышына, террорчулукту алдын алууга жардам берүү керек деп эсептейт.
2021-жылдын август айынын башында "Талибан кыймылы Афганистан өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барган. Август айынын акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш жарандары жана алар менен кызматташкан афгандыктар массалык түрдө эвакуацияланган.
* террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.
Садыр Жапаров: талибдерге карата биргелешкен жүрүм-турум линиясы болушу керек