Видеодо аскерлердин курал-жарагын даярдап, талаада машыгып жаткан учурлары камтылган. Кыргызстандын командасы жекшемби күнү биринчи этапта күчтүү делген Россия, Кытай, Беларусь командалары менен жарышка чыкты. Кийинки этаптары 17 жана 21-август күндөрү өтөт. Анын жыйынтыгында уткандар жарым финалга жолдомо алат.
"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы "Танк биатлону — 2022" сынагы 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат. Жарыш талаасында туура багыт алуу, танканы башкаруу, таамай атуу жана ок атууну башкаруу боюнча жөндөмдөрү бааланат.
Тема боюнча: