Кыргызстандык үч окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиададан коло утту

Дүйнөдөгү ири олимпиадага 90 өлкөдөн 349 окуучу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Информатика боюнча эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) кыргызстандык үч окуучу коло медалга ээ болушту. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аталган сынак 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн. Медаль уткандардан сырткары дагы бир окуучу Ардак грамота менен сыйланган.
International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрт мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышкан.
52 окуучу жеңүүчү болду: республикалык билим таймашы аяктады. Сүрөт