Кыргызстан Түштүк Кореядагы туристтик иш-чарада баш байгеге ээ болду. Сүрөт

Калыстар сынына коюлган өлкөнүн экспозициясы абдан кызыктуу жана маалыматы көп деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда өткөн туристтик шоуда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
1 / 3

Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда өткөн туристтик шоуда баш байгеге ээ болду

2 / 3

Быйыл жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык KITS 2022 туристтик иш-чарасы кечээ жыйынтыкталды.

3 / 3

Кыргызстандын атынан ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады.

Быйыл жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык KITS 2022 туристтик иш-чарасы кечээ жыйынтыкталды. Кыргызстандын атынан ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады. Делегациянын курамында Кыргызстандын Түшткүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана ата мекендик туроператорлор болгону айтылды.
Калыстар сынына коюлган өлкөнүн экспозициясы абдан кызыктуу жана маалыматы көп деп табылган.
"Жылуу сөздөр арбын айтылды. Шоуга катышкан 400гө чукул туристтик компаниянын тышкы туризм менен алектенген 140ы Кыргызстандын туристтик потенциалын жогору баалап, кардар жөнөтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти", — деди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Кайрат Итибаев.
Мекеменин өкүлдөрү маданий борборлор жана кореялык туроператорлор менен кызматташуу тууралуу үч меморандумга кол коюшкан. Бир ай мурун дагы бир меморандумга кол койгон Сеулдун туристтик ассоциациясы Кыргызстанга азыркы туристтик инфраструктураны жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн анализдөө үчүн эксперттик топ жөнөтүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, туристтик кызматты санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талдап чыгууга кызыкдар экенин белгиледи.
Радио
Итибаев: туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 5 мегадолбоор менен иштеп жатат